Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

ӨКМ Ала-Арча капчыгайынан орусиялык эки альпинисти куткарды


Куткарылган альпинистер.
Куткарылган альпинистер.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калып калган орусиялык эки альпинист куткарылганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, алар 20-августта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келатканканда караңгы кирип кетип, жол таппай тоодо түнөп калышкан.

“Байчечекей” чокусу деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына алынып келип, министрликтин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамды көрсөтүштү.

19-августта Коргоо министрлиги Түштүк Эңилчек жана Поляна лагерлеринен баш-аягы 62 адам - альпинисттер, куткаруучулар, туристтерди эвакуация кылган.Жеңиш чокусунан түшүп келатканда эки адам - Орусиянын жана Италиянын жарандары каза болгон.

Аба ырайынын катаалдыгынан ушул тапта орусиялык дагы бир альпинист Наталья Наговицинаны тоодон алып түшүүгө мүмкүн болбой жатат. Ал Жеңиш чокусунан түшүп келатып бутун сындырып алган.

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конуп, борттогу бир нече адам жаракат алган.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG