Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Британия "Капитал банкка" санкция салды, Жапаров аны адилетсиз деп атады


“Капитал банк”.
“Капитал банк”.

Улуу Британия Кыргызстанга мамлекеттик “Капитал банкка” жана анын жетекчисине санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди.

Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Британиянын санкциясына илинди.

Бул маалыматка президент Садыр Жапаров жооп берип, Батыш Кыргызстандын банктарына негизсиз санкция салганын айтып сындады. Ал соңку санкцияларды экономикасы өнүгүп жаткан Кыргызстанга басым, ички иштерине кийлигишүү деп атады.

Британиянын санкциясы

Британиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган маалыматта Capital Bank криптовалюталар аркылуу Орусияга акча которууну камсыз кылып, санкция режимин бузууга көмөк көрсөткөнү айтылат.

Маалыматтарга караганда, 2024-жылдын аягынан бери A7A5 токени жана Grinex, Meer аттуу биржалар аркылуу миллиарддаган доллар көлөмүндө транзакциялар жүргөн.

Британия 2024-жылы мамлекетке өткөн Capital Bankтын төрагасы Кантемир Чалбаев да санкция тизмесине киргизди. Бул анын чет өлкөлөрдөгү активдеринин эсеби жабылып, Британия менен байланышкан бардык каржылык операцияларына тыюу салынат дегенди билдирет.

Financial Times эл аралык басылмасы жогоруда сөз болуп жаткан Garantex жана анын туунду компанияся катары негизделген Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда жазып чыккан.

Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндалган.

Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан. Британия бул маалыматты бышыктап, сөз болуп жаткан криптобиржа Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды айланып өтүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

Бирок санкцияга илинген Capital Bank Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга тиешеси жок экенин, банктын иши Кыргызстандын мыйзамдарына, ошондой эле финансылык жөнгө салуу жана сактоо боюнча эл аралык талаптарга ылайык келерин маалымдады.

Бул банктын 100% акциялары өткөн жылы кыргыз бийлигинин карамагына өткөн.

Кошумча чаралар

Улуттук банк да соңку чечимдерге байланыштуу билдирүү таратып, системанын туруктуулугун сактоо, аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн кошумча чараларды жана инструменттерди колдонууга даяр экенин белгиледи:

"Учурда банк сектору туруктуу, жетиштүү капиталдаштырылган жана тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруктуу жана ликвиддүүлүгү жетиштүү. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз банк кызматтарын көрсөтүүдө. Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын банк тутумуна санкциялардын терс таасирин азайтуу жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат Улуттук банк тараткан маалыматта.

"КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз"

Ал ортодо президент Садыр Жапаров британ өкмөтүнүн Capital Bank'ка салган санкциясына жооп берди. Ал буга чейин АКШ мамлекеттик "Керемет банкка" негизсиз санкция салгандай эле бул жолку чараны да Кыргызстандын санкцияларды кыйгап өтүүгө катышы тууралуу эч кандай далилсиз жасалган чечим деп баалады.

Президент буга чейин Батыш өлкөлөрүнө көз карандысыз аудитордук компанияларды жалдап “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели деген сунуш берилгенин, бирок ал андан баш тартканын билдирди.



Ушундан улам Жапаров соңку санкцияларды экономикасы өнүгүп жаткан Кыргызстанга басым, ички иштерине кийлигишүү деп атап, АКШ президенти Дональд Трамп менен Британиянын премьер-министри Кир Стармерге кайрылды.

“Эми минтип дал эле “Керемет банкка” Америка санкция салгандай “Капитал банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДӨбүз 11,7% чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да. Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр”,-деген Жапаров.

Садыр Жапаров Батыштын санкцияларынан Орусиянын "кылы кыйшайбаганын" ошондой эле кыргызстандык банктар деле кыйналбасын кошумчалаган. Кыргыз президенти "Батыштагы өлкөлөргө туура эмес маалымат жеткирет" деп бейөкмөт уюмдарды "ички душман" деп каарып өттү.

Орусия Украинага кол салгандан тарта Батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларды киргизген. Бул санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатышы мүмкүн деп башка Орусияга ылым санаган өлкөлөрдөгү айрым компанияларга санкция салып келет.

Орусияга салынган Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу Кыргызстанда катталган бир нече ишкананын аты аталып, айрымдарына АКШ жана Европа санкция салган.

Кыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрү менен санкцияларды сактоонун жол-жобосун талкуулап, бир нече жолугушуулар өткөн. Расмий Бишкек санкциялык талаптарды аткарып жатканын белгилеп келет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Орусиядагы кыргыз мигранттарынын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн "Капитал банкка" рубль менен операция жүргүзүү чечими кабыл алынганын "Азаттыкка" айтып берген:

"Capital Bank'ка байланыштуу ушул механизм кабыл алынган. Capital Bank'тын инфраструктурасы жетишпейт, тейлей албайт деген пикирлер айтылып, эки мамлекеттик банк көмөктөшүп жатат. Ошондуктан, рубль менен операция жүргүзүүгө “Капитал банкка” уруксат берилгени башка коммерциялык банктарга жакпай жатышы мүмкүн. Бирок бул чара учурдун талабы. Биз санкция салган АКШ, Европа өлкөлөрүбү же Орусия болобу эки тарап менен тең кеңешип иш алып барышыбыз керек. Ошондуктан, ай сайын брифинг өткөрүп, ишти ачык-айкын жүргүзүп жатабыз".

Эми адистер санкциядан улам ишкерлердин импорт жана экспорт операцияларына тоскоолдуктар жаралып, кичи жана орто бизнес үчүн төлөмдөр кечигип, терс таасири болушу мүмкүн деген ою менен Виртуалдык активдер ассоциациясынын эксперти Асылбек Айтматов бөлүштү:

"Эң чоң кесепети - биздин мигранттарга гана эмес тигүүчүлөр тармагында иштеп, Орусияга товар жөнөтүп, буйрутма бергендерге да кыйынчылыктар жаралды. Андан тышкары виртуалдык активдер рыногундагы оюнчулардын көбү дүйнөлүк рынокко чыга турган продукцияларды өндүрүп, Кыргызстандын экономикасына салык түрүндө жакшы киреше алып келгенге ылайыкташкан. Дүйнөлүк санциялардын кесепети бизге да тийди. Маселен, орусиялык банктарды SWIFT төлөм системасынан үзүп салгандыктан акчанын келиши-чыгышы кыйын болуп калды. Ошондой эле IT тармагындагы программисттер, компаниялар иштеп чыккан программаларын экспорттогондо кыйынчылык тартышууда. Негизи эле санкциялардын зыяны чоң".



Мындан улам адистер бул маселени жөнгө салуу керектигин белгилешет жана бул жаатта иш алып барган мекеме-ишканалар өз ишин так аткарып, күмөндүү финансы иштерин жүргүзүүдөн оолак болуусу кажет дешет.

"Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр, механизмдер керек"

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай ар бир санкция өлкө экономикасына терс таасир тийгизерин белгилеп, Батыш өлкөлөрү сүйлөшүлөрдү жүргүзүп өзүн актаган механизмдерди иштеп чыкканы абзел деп эсептейт.

"Эгер мүлкү биздин мамлекетке таандык болсо, ошол эле Британиянын сотторуна же эл аралык сотторго кайрылыш керек жана санкцияны алганга аракет кылыш керек. Эгер албайбыз, ага көп акча кетет, убактыбыз жок десе анда ошо бойдон калат. Унчукпай коюу - санкцияга макул болгонду билдирет. Өкмөт кандайдыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп же сотко кайрылса керек. Ошол эле Орусиянын санкцияга илинген олигархтары сотко кайрылып, аны утуп чыккан учурлар көп. Кыргыз мамлекети дагы криминал менен аралашпоо, мыйзамсыз акчаны адалдаштырбоо сыяктуу милдеттенмелерди алган. Криминал, мыйзамыз акча, маңзат бизнесинин кирешесин дегализация кылса, эгерде ошого шек болсо, анда мунун кесепети оор болот. Өкмөт ага жол бербеш үчүн өзүн акташ керек. Ал үчүн кандайдыр бир механизмдерди колдонуп, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп же сотко кайрылганы оң".

"Капитал банк" Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө аракет кылды деп Батыштын санкциясына кабылган кезектеги кыргызстандык банк болду.

15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы “Керемет банкка" санкция киргизген.

АКШ бул банк эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган” деп маалымдаган.

“Керемет банктын” 97,45%, ал эми “Капитал банктын” 100% акциясы Финансы министрлигине таандык.

Шерине

XS
SM
MD
LG