Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Украина: Орусия чабуулун улантты, Зеленский Путин менен жолугууну күтөт


Орус армиясынын соккусунан талкаланган Львовдогу үй, 1-август, 2025-жыл
Орус армиясынын соккусунан талкаланган Львовдогу үй, 1-август, 2025-жыл

21-августка караган түнү Орусия Украинага жүздөгөн дрон жана ондогон ракета менен жапырт чабуул койду. Москванын бутасына Украинанын батышындагы облустар, анын ичинде Львов жана Мукачево шаарлары кабылды.

Орусиянын кандуу чабуулу АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Европа лидерлери менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү максатында жолуккандан бир нече күн өткөндөн кийин болду.

Түнкү чабуулдардан кийин Зеленский эгерде Путин бетме-бет жолугушуудан баш тартса, анда Вашингтондон “катуу реакция” күтөрүн билдирди. Ошондой эле ал Батыш өлкөлөрүнүн Украинанын коопсуздугун камсыздоого берчү кепилдик планы 7–10 күндө такталып калса деп турганын айтты.

Украинанын аба күчтөрү Орусия ар кайсы аймактарга 574 учкучсуз аппарат жана 40 ракета атканын билдирип, карапайым жарандар жабыркап, турак жайлар менен инфраструктурага олуттуу зыян келгенин белгиледи.

Украинанын батыш чек арасына жакын жайгашкан Закарпатье облусунун Мукачево шаарында АКШга таандык өндүрүш ишканасы соккуга кабылды.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Мукачеводогу чабуулдардын кесепети олуттуу болгонун айтып, бул соккулар “согушту токтотуу боюнча бардык аракеттерге каршы келерине” токтолду.

“Бул толугу менен жарандык объект, коргонуу же аскердик максатка эч кандай тиешеси жок”, - деп кошумчалады ал.

Министр Орусия Украинадагы америкалык ишканаларды буга чейин дагы бутага алганын, быйыл жыл башында Киевдеги Boeing компанясынын кеңселерине сокку урулганын эске салды.

Закарпатье облусунун губернатору Мирослав Билецкий Мукачеводогу ишкана негизинен үй-тиричиликке керектүү товар өндүрөрүн айтты. Ал ишканага эки “Калибр” ракетасы тийип, өрт 7 миң чарчы метр аянтты каптады.

Орусия жарандык объекттерди атайылап бутага алганын моюнуна албаганы менен орус күчтөрүнүн соккулары үй-жайларды, ооруканаларды, мектептерди жана энергетикалык объекттерди керектен чыгарган.

18-августта Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөр Путин менен Зеленскийдин бетме-бет жолугушуусун уюштуруу сунушу менен аяктады.

Ошондой эле Украина үчүн согуштан кийинки коопсуздук кепилдиги боюнча план иштеп чыгуу макулдашылды. Бул милдетти Европа өлкөлөрү өзүнө алып, АКШ колдойт.

АКШ жана Европанын аскердик топтору коопсуздук пакетинин мазмунун талкуулоо үчүн жолугуша баштады, ал эми акыркы чечимди кабыл алуу саясий лидерлердин колунда.

21-августта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага европалык аскерлерди жайгаштыруу “такыр келишкис” деп, андай көрүнүш “Украинанын айрым аймактарына чет элдик кийлигишүү” болуп саналарын айтты.

Андан бир күн мурда Украинадагы коопсуздук маселеси Орусиянын катышуусуз талкууланбашы керектигин билдирген.

Путин менен Зеленский жолугабы?

21-августта Сергей Лавров журналисттерге Путин Зеленский менен жолугушууга даяр экенин бир нече жолу айтканын, бирок ал жолугушууну өткөрүү үчүн айрым маселелер турганын кыйытты.

“Албетте, келечектеги макулдашууларга кол коюу маселесине келгенде Украина тараптан кол койгон адамдын легитимдүүлүк маселеси чечилиши керек деп ойлойм”, - деди Лавров.

Украинада президенттик шайлоону өткөрүү согуштан улам белгисиз мөөнөткө жылган. Путин дагы ыңгайы келгенде Зеленскийдин легитимдүүлүгүнө байланыштуу суроону көтөрөт.

Зеленский 21-августта америкалык лидер кошулаган үч тараптуу жолугушууга даяр турганын айтты.

“Биз коопсуздук кепилдигинин архитектурасын 7–10 күндүн ичинде так түшүнгүбүз келет. Ошол түшүнүктүн негизинде үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү максат кылып жатабыз,” - деди ал.

“Эгерде орустар ага даяр болбосо, анда биз АКШдан катуу реакция болорун күтөбүз”, - деп баса белгиледи Зеленский.


Шерине

XS
SM
MD
LG