Зеленский: Кремль Орусия-Украина жолугушуусун болтурбоого бардык аракетти көрүп жатат

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте. 22-август, 2025-жыл, Киев шаары.

"Москва АКШ президенти умтулгандай орус-украин президенттеринин жолугушуусун болтурбоого колдон келген аракетин кылып жатат. Биз андай жолугушууга макул болгонбуз", - деп билдирди украин президенти жума күнү НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Киевдеги биргелешкен маалымат жыйынында.

Зеленский Батыш мамлекеттерин Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москваны тынчтык сүйлөшүүсүнө көндүрүүгө басым жасоого үндөдү. Ал ошондой эле Рютте менен жолугушууда тынчтык сүйлөшүүлөрү болуп калса, Украина тарапка берилчү коопсуздукка кепилдиктер талкууланганын кошумчалады. Путин менен эки тараптуу жолугушуу зарыл экенин украин президенти бир нече айдан бери кайталап келатат. АКШ президенти андай жолугушууга даярдыктар көрүлүп жатканын, ага удаа АКШ-Орусия-Украина саммити болорун айткан.

Москва азырынча андай жолугушуу тууралуу солгун комментарийлеп, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү NBC телеканалына берген интервьюсунда: "Азырынча эч кандай жолугушуу пландалган жок. Сүйлөшүү анда кандай маселелер талкууланары ачык-айкын болгондо гана пландалышы мүмкүн", - деген жооп кайтарды. Министрдин айтымында, Зеленский Украинанын НАТОго кирүү мүмкунчүлүгүн, же Орусияга айрым жерлерди өткөрүп берүү маселелерин так кесе четке кагып келатат.