“Саясий куугунтук”: ким кимди?
Кыргызстанда саясий куугунтук жана "саясий туткундар" боюнча маселе күн тартибине чыкты. Мурдагы президент Алмзабек Атамбаевге оппозициядагы күчтөр "саясий туткундарга" боштондук берүү талабы менен форум өткөрсө, Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири Сапар Исаков саясий куугунтук башталганын жарыялады. Саясий чөйрөдөгү мындай кырдаал эмнеден кабар берет? Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи, публицист Кубан Мамбеталиев, “Сереп” иликтөө институтунун директору Искендер Ормон уулу жана Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов катышты.
Чыгарылыштар
-
Август 11, 2025“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
-
Июль 03, 2025Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
-
Июнь 25, 2025Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
-
Апрель 12, 2025“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу
-
Март 13, 2025Чек аранын чечилгени чөлкөмгө кандай таасир этет?
-
Февраль 27, 2025Шайлоо мыйзамы: Партиялардын доору бүттүбү?