Жапаровдун Тажикстанга күтүлгөн сапары талкууда
Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат. Чек ара жаңжалынан кийинки анын сапары кызуу талкууга түштү. ИИМ кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунуштады. Бул кыз-келиндерди зомбулуктан жана ыдык көрсөтүүдөн сактоо үчүн киргизилет. Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарын курчап турат. Wall Street басылмасы эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийинки алты айдын ичинде Ооганстандын азыркы өкмөтү кулашы мүмкүн экенин жазды.
Чыгарылыштар
-
Август 21, 2025
Британиянын санкциясы, Бишкектин жообу
-
Август 20, 2025
Газа: Израилдин коргоо министри оккупациялоо планын жактырды
-
Август 19, 2025
Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 15, 2025
ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
-
Август 14, 2025
Орусия: WhatsApp, Telegram жарым-жартылай бөгөттөлдү