Нобелдин Тынчтык сыйлыгын журналисттер алды
"Октябрь окуяларына" байланыштуу соттук ишти кароо башталды. Анын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-министр Курсан Асанов, саясатчы Жеңиш Молдокматов жана башкалар айыпталууда. Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин жалпы журт баалап жатат. 5 күндө кыргыз балбандары 5 медаль - 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утушту. Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Бул аларга "сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн" тапшырылды.
Чыгарылыштар
-
Август 21, 2025
Британиянын санкциясы, Бишкектин жообу
-
Август 20, 2025
Газа: Израилдин коргоо министри оккупациялоо планын жактырды
-
Август 19, 2025
Чолпон-Ата: 24 жаштагы жигиттин өлүмүн атайын комиссия иликтейт
-
Август 15, 2025
ЕАЭБ: Москва уюмдун аймагын кеңейтүүнү көздөйт
-
Август 14, 2025
Орусия: WhatsApp, Telegram жарым-жартылай бөгөттөлдү