Улуттук статистика комитеттин эсебинде, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында чакан кредиттик компаниялар 567 миң адамга 40 млрд сомдон ашык насыя берди. Насыя алгандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,2%, ал эми берилген насыя 34% көбөйдү.
Эң көп кредит алгандар Бишкек шаарында – 27,5%. Андан кийин Ош облусунун тургундары 16%, Жалал-Абадда 14% жана Чүйдө 13% ашкан. Алынган насыянын көп бөлүгү же 60% көбү турмуштук муктаждыктарга сарпталган. Айыл чарба иштерине 16%, 10% жакыны соода-сатык, коомдук тамактануу чөйрөсүнө кеткен.
Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 500дөн ашык микрофинансылык уюмдар жана алардын жүздөй филиалдары катталган.
Микрокредиттик компаниялар банктарга салыштырмалуу азыраак суммадагы насыяларды бергендиктен, талап кылган документтери да аз, берүү шарттары да жеңилирээк болот. (BTo)
Шерине