Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Украин армиясы "Дружба" мунай кууруна сокку урду, орус мунайы Венгрияга ташылбай калды


Орусиядан Венгрияга мунай ташыган "Дружба" кууру. Июнь, 2025-жыл.
Орусиядан Венгрияга мунай ташыган "Дружба" кууру. Июнь, 2025-жыл.

Украинанын пилотсуз истребителдери Орусиянын Брянск облусун аралап өткөн "Дружба" мунай кууруна сокку уруп, Венгрияга кара май ташыган долбоор үзгүлтүккө учурады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-августка караган түнү Брянск облусунда украин армиясынын 19 дрону жок кылынганын билдирди.

"Дружба" мунай куурунун аба соккусунан жабыркаган "Унеча" өндүрүштүк-диспетчердик станциясы - түндүк жана түштүк багыттары боюнча жылына 60 миллион кара май ташыган маанилүү түйүн.

Буга чейин 18-августта Венгрия өкмөтү украин күчтөрүнүн аба чабуулунан мунай куурлары зыян тартып, Орусиядан кара май импорттоо токтоп калганын, эртеси кайра калыбына келтирилгенин билдирген. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто өткөн түнкү соккулардан кийин: "Бул биздин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна жасалган чабуул. Бизди согушка аралаштыруу аракети", - деп комментарийледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG