Агартуу министрлиги Кыргызстанда 27 миң мугалимге жаңы ноутбуктар тапшырылганын, ушул жылдын ноябрь айына чейин дагы 27 миңине берилерин кабарлады.
Министрликтин маалыматы боюнча, сатып алынардан мурун техника өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде шаардык жана айылдык мектептердеги 220 педагогдо үч айлык сыноодон өткөрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген.
Бирок мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган жок деген негиз менен ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровго, орун басары Эдил Байсаловго, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин кызматкерлерине сөгүш жарыялаган. Буга мугалимдерге сапатсыз ноутбуктар берилгени негиз болгон.
Агартуу министрлиги азыр 27 миң мугалимге берилген ноутбуктар сапаттуу экенин билдирүүдө. (BTo)