Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкекте жеке ишкер этти өкмөт бекиткен баадан кымбат сатканы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу” беренеси менен 13 миң сом административдик айыпка жыгылганын билдирди.
Ушул тапта айыл-аймактарда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүп, текшерүүлөр болуп жатат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 13-августта Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
Ага ылайык, Бишкекте 1 кг уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 670 сомдон кымбат болбошу керек. Ош шаарында уй жана койдун эти 680 сомдон ашпашы зарыл. Калган аймактарда эт 620-690 сомго чейин деп белгиленди.
Өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда.
21-авшустта Министрлер кабинети бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.
20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдиновду, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергеновду, министирликтин (М.Э.У.) жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысын (Н.у.Б.), андан тышкары мал-жандыкты сыртка экспорт кылууда ортомчу болгон делген адамдарды кармаган.
Атайын кызмат аларга мал-жандыкты чет өлкөгө сатууга бөлүнгөн квоталарды тааныш-туунуштарына жасап берип, коррупциялык схеманын айынан 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жана бул эттин кымбатташына себеп болгонун кабарлаган.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен азырынча иштин жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес экенин, бирок министрликтин кызматкерлери милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракет кылып келатканын билдирген. (BTo)