Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Жапаров менен Токаев тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Бишкек. 22-август, 2025-жыл.
Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Бишкек. 22-август, 2025-жыл.

22-августта президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мунун алдында “Ынтымак ордодо” эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземи өткөн.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тар курамда сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев “Кыргызстан менен Казакстан өз ара сый-урматка негизделген бардык деңгээлдеги саясий диалогду чыңдап, мамлекеттер, парламенттер жана өкмөттөр аралык кеңештер ийгиликтүү иштеп жатканын” айткан.

Казак президенти Кыргызстанга 21-августта расмий сапары менен келген.

1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун мезгилден бери 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган.

Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү эл аралык альянстарга мүчө. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG